Борбордук Азиянын тоолуу аймагында биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо боюнча 5 жылдык программа ишке киргизилди. Ал жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 30дан ашуун сейрек кездешүүчү түрүн сактоого жардам берет. Алардын катарында: илбирс, бухара бугусу, уриал, Аму-Дарыя күрөктумшугу жана башкалар.
Программа ишке киргизилгендигине байланыштуу 2019-жылдын 11-декабрында Алматыда ММКнын катышуусу менен эртең мененки тамактануу болуп өттү. Журналисттер бардык кызыктырган суроолорун беришти. Ал эми аларга жоопторду кийинки адистер беришти:
- Григорий Мазманянц, Борбордук Азиядагы WWF программасынын директору;
- Джамила Асанова, Жарандык коомду өнүктүрүү ассоцациясынын аткаруучу директору (АРГО);
- Даниэль Ротберг, Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фондунун гранттар боюнча директору(CEPF);
- Джек Тордофф, Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фондунун башкаруучу директору (CEPF);
- Ольга Переладова, WWF Борбордук Азиядагы программасынын илимий консультанты;
- Елизавета Протас, WWF долбоорунун жетекчиси.
Программа боюнча ондогон коруктар, улуттук парктар жана уникалдуу ландшафттар да коргоого алынат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө биологиялык ар түдүүлүктүн 1 500 ашуун негизги территориясы бар, алардын ичинен 145 территория Борбордук Азиянын тоолуу аймагында жайгашкан.
Программанын жалпы бюджети – 8 миллион АКШ долларын түзөт. Ал Француз өнүктүрүү агенттигинин, Conservation International уюмунун, Европа Союзунун, Глобалдык экологиялык фонддун, Япония Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен демилгеси болуп саналган Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланат. Фонддун негизги максаттарынын бири болуп биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жарандык коомдун катышуусун камсыздоо саналат.
WWF Борбордук Азиядагы Программанын координатору болот. Жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы (АРГО) WWF өнөктөшү катары кичи гранттар программасын администрациялоого катышат жана КЭУнун – программанын катышуучуларынын потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт. АРГОнун аткаруучу директору Джамиля Асанова регионалдык команда Программаны ишке ашыруу боюнча маселелерди деталдуу талкуулоо үчүн Алматыда чогулгандыгын айтты.
“Программанын веб-порталы түзүлөт. Порталга биз пайдалуу жана жеткиликтүү бардык маалыматты жайгаштырабыз, КЭУнун WEB-Академиясынын онлайн курстары коммерциялык эмес уюмдарды окутуу үчүн жеткиликтүү болот. Биз позитивдүү маанайдабыз. Экологиялык уюмдарга жардам беребиз жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишинде олуттуу пайда алып келебиз деп ишенебиз”, – деди Джамиля Касимовна.
Программанын өзү Казахстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Афганистанда иш алып баруучу коммерциялык эмес уюмдар үчүн гранттарды бөлүп берүүнү божомолдойт. Тилекке каршы, Кытайда иш алып барган уюмдар Программага кошула алышкан жок.
“CEPFтин иши өзгөчө мааниге ээ. Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территориялары – бул бакубатчылыгы жаратылыштын абалынан көз каранды болгон миллиондогон адамдар үчүн үй болуп саналат, – деп программанын ишке киргизилишин комменатрийледи Даниэль Ротберг.
– Жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн глобалдык каржылоонун олуттуу бөлүгү өкмөт тарабынан багытталса да, биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларында жайгашкан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдө жергиликтүү жарандык коом менен өз ара аракеттенүү биологиялык ар түдүүлүктү сактоо жаатында туруктуу жана узак мөөнөттүү натыйжаларды бере тургандыгын тажрыйба көрсөттү. Өкмөттүк эмес топтор жер-жерлерде көйгөйлөрдү чечүүгө карата стандарттуу эмес мамилелерди көрсөтүүдө. Бул аларды мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү кылат, анткени эки тарап тең жергиликтүү коомдун кызыкчылыгында, ошол эле учурда глобалдык максаттарга жетишүү кызыкчылыгында жашоодо маанилүү болгон ресурстарды сактоого кызыкдар”.
Коммерциялык эмес уюмдарга гранттарды эки түрдө берүү пландалууда.
- Кичи – 20 миң АКШ долларына чейин.
- Ири – 150 миң АКШ долларына чейин.
Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фондунун тажрыйбасы мындай гранттык программалар Программага региондогу биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоону камсыздоого мүмкүндүк берерин, ошондой эле узак мөөнөттүү негизде жарандык коомду өнүктүрүүгө олуттуу таасир этүү мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.
Кошумча маалымат.
Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фонду (WWF) – жаратылышты коргоо боюнча эң чоң көз карандысыз эл аралык уюмдардын бири. Ал 5 миллионго жакын туруктуу тарапташтарды бириктирет жана 6 континентте дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө иш алып барат. WWFнын эл аралык катчылыгы Швейцарияда жайгашкан.
CEPF катчылыгы Вашингтондогу (АКШ) Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык коомдо (Conservation International) жайгашкан. Ишмердүүлүгү башталган учурдан тартып CEPF 92 өлкө жана территориядан 2 363 грант алуучуга 243 миллион АКШ долларын бөлүп берген. Анын жардамы менен ал биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларынын 46.5 миллион гектарын башкарууну жакшыртууга жетишти.